ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 25-26-ноябрь күндөрү шамалдын күч алышына байланыштуу Каракол – Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусуна кар көчкү түшүшү мүмкүн.
Маалыматта бул күндөрү жолдор тайгак болуп муз тоңору, андыктан унаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу керектиги жазылат.

