Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-85-чакырымында (Тамчы тилкеси) көлөмү болжол менен 16 миң куб метр кар көчкү түшүп, жол эки тараптан тең жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Автожолду кар көчкүдөн тазалоо үчүн беш техника иштеп жатат. Жабыркагандар жок.
Кыргызгидромет борбору туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунда, Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болорун эскерткен.

