3-5-сентябрда Казакстандын көпчүлүк аймактарында туруксуз аба ырайы сакталат. Бул тууралуу «Казгидромет» билдирди. Синоптиктердин маалыматы боюнча, 3-сентябрда түнкүсүн республиканын бардык аймактарында жаан, кар жаайт. Казакстандын батышында жана түштүгүндө гана дээрлик жаан-чачын болбойт. Ошондой эле, республика боюнча шамалдын күчөшү, түнкүсүн жана эртең менен түндүк жана чыгыш аймактарында туман түшүп, 2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Абанын температурасы республиканын түндүк-батышында, түндүгүндө жана борборунда 8+15°Сге чейин, түштүктө 20+28°Сге чейин төмөндөйт.