"Эркин-Тоо"

Кара-Балта дарыясына түшүп кеткен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Бишкек—Ош унаа жолунун 97-98-чакырымында Кара-Балта дарыясына түшүп кеткен 14 жаштагы өспүрүм кыздын сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, изделип жаткан кыздын сөөгү таңкы саат 06:30дар чамасында туугандары тарабынан табылган.

Эске салсак, өспүрүм кыз Кара-Балта дарыясынын шар аккан суусуна күн мурун түшүп кеткен. Издөө иштерин төрт куткаруучу жана алты суучул тартылган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!