"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кара-Балта шаарына жаңы мэр дайындалды

Салмурбек уулу Азат Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Президент Садыр Жапаров кол койду.

Дайындоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлдү.