“Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын “Кара-Балта” филиалында “Кыргыз-кытай өндүрүш-технологиялык паркы” курулаары боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө Бул багытта үч тараптуу кызматташтык Меморандумуна “Бишкек” ЭЭАсынын, “Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер кеңешинин”, “Централ эйжа дивелопмент компани” ЖЧКсынын жетекчилери кол коюшту. Долбоор ишке ашса заманбап өндүрүш-технологиялык парк Кытай жана башка чет өлкөлөрдүн инвестициялык долбоорлорун ишке ашырууга өндүрүштүк, инновациялык жана техникалык шарттар камсыздалып, логистикалык хабдар, өндүрүш тилкелери курулаары пландалып жатканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.