Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы аянты 5000 чарчы метрден ашкан бала бакча объектиси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматка ылайык, бала бакча 1997-жылы жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Андан соң 2001-жылы мамлекеттик органдардын негизсиз чечими менен бул имараттын базасында дыйкан чарбасы уюштурулуп, анда сүт иштетүүчү жана нан бышыруучу цехтер иштеп келген. Кийинчерээк, бала бакчанын аймагында коммерциялык максатта авто мектеп да ачылган.
Бул мыйзам бузуулар сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында аныкталып, объект кайрадан социалдык максатта — бала бакча катары пайдалануу үчүн мамлекеттик баланска өткөрүлдү.

