Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы менен бир депутаты пара талап кылууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Расмий маалыматка караганда, шектүүлөр Кара-Көл шаарындагы “Капчыгай” кафесинин мурдагы ээсинен акча талап кылышкан.
“Шаардык кеңештин депутаты К.Б.Н. кеңештин бюджет, экономика жана каржы комитетинин төрагасы болуп туруп, кеңештин төрагасын ортомчу кылып, “Капчыгай” кафесин муниципалдык менчикке сатып алуу боюнча Кара-Көл шаарынын 2024-жылдагы бюджетине киргизүү чечими үчүн анын ээсинен 500 миң сом талап кылганы аныкталды”, — деп жазылган маалыматта. Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө эки шектүү тең УКМКнын тергөө абагына киргизилген.