"Эркин-Тоо"

Кара-Көлдө коронавируска каршы рейд өткөрүлдү

Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен шаар аймагында коронавирус илдетинин жайылуусуна бөгөт коюу максатында рейд жүргүзүлдү. Рейдге Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, шаардык мэриянын өкүлдөрү, санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана шаардык оорукананын кызматкерлери катышып, санитардык нормалардын сакталуусу көзөмөлгө алынды, деп билдирет Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы .

Рейддин алкагында кафе, ашкана, соода түйүндөр, коомдук транспорттор, автоунаалар текшерилип, тиешелүү талаптарды сактабаган коомдук тамактануучу жайлардын ээлерине эскертүүлөр берилди.

Ошондой эле шаар борборундагы мечитте санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!