"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом Маанилүү

Кара-Кечеде 1 күндө 445 унаага көмүр жүктөлдү

«Кыргыз көмүр» ишканасынын маалыматына ылайык, күн мурун Кара-Кече кенинде жалпы 445 унаага көмүр жүктөлдү. Жүктөлгөн кара отундун жалпы көлөмү 10 190 тонна болгон.

Бул көрсөткүч Кара-Кече кениндеги иштердин туруктуу жүрүп жатканын жана калкты көмүр менен камсыздоо процесси үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканын тастыктайт.

Ишкана маалымдагандай, Кара-Кече кени калкты жана ишканаларды көмүр менен туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыздоону улантат.