Ош облусундагы Кара-Кой жайлоосуна жетүүчү жол толук реконструкцияланып жатат. Бул тууралуу облус жетекчилиги маалымдады.
Тельман – Кара-Кой багытындагы жолдун жалпы узундугу 28 чакырымды түзөт. Анын алгачкы 6 чакырымы буга чейин асфальтталган болсо, кошумча 3 чакырымы быйыл капиталдык салымдар аркылуу бүткөрүлгөн. Учурда калган 19 чакырымга асфальт төшөө жана жолду түздөө иштери жүрүп жатат.
Жолдун абалы менен буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзү таанышып, толук оңдолушу керектигин айткан.
Маалыматта Кара-Кой жайлоосун заманбап туристтик аймакка айлантуу максатында атайын долбоор даярдалып жатканы айтылды.

