"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

«Кара-Кыргыз» тарыхый сериалы көрсөтүлө баштайт

2025-жылдын 27-декабрынан тарта Улуттук телеканалдан жана «Этномедиа» онлайн-кинотеатрынан «Кара-Кыргыз» аттуу тарыхый сериал көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.

Сериалда 1917–1924-жылдардагы тарыхый окуялар, Үркүндөн кийинки кыргыз коомунун абалы жана мамлекеттүүлүктү түптөө жолундагы күрөш көркөм чагылдырылган. Окуялар Жусуп Абдрахманов баштаган тарыхый инсандардын тагдыры аркылуу берилет.

Долбоор «Кыргызсериал» мамлекеттик мекемесинин колдоосу менен тартылып, биринчи сезондо төрт бөлүмдөн турат. Сериалдын режиссёру — Сүйүн Откеев, ал эми башкы продюсери — Жеңишгүл Өзбекова.