Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Кара-Суу базарынын соодагерлеринен акча талап кылгандыгы үчүн кармалды.Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-декабрда Кара-Суу районунун базарларын көзөмөлдөгөн төрт салык инспектору Т.А., Э.А., У.Б. жана А.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Кара-Суу районунун базарларында чекене жана дүң соода менен алектенген ишкердик субъекттеринен акча каражаттарын өндүрүү кылмышы Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан штаттык эмес кызматкерлерди колдонуу аркылуу жасалып турган.
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ишкерлерди патент жана башка салык төлөмдөрүн төлөөгө көмөк көрсөтөбүз деп алдоо жолу менен аларды ишендирип, иш жүзүндө алардын каражаттарын өздөрүнө алып турушкан.

