"Эркин-Тоо"

Кара-Суу райондук администрациясынын башкы бухгалтери пара менен кармалды

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башкы бухгалтери А.А.И. 45 миң сом пара алып жаткан жеринен пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кызмат абалынан пайдаланып, бюджеттик каражаттарды подрядчы уюмга которууну кечеңдетүү менен коркутуп, Кара-Суу районундагы Лангар айылына кичи футбол аянтчасын курууга каралган акчанын бир бөлүгүн кайтарып берүүнү талап кылгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (“опузалап пара алуу”) негизинде кылмыш иши козголду. Атайын иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен А.А.И. УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилген.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!