"Эркин-Тоо"

Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө кызмат учурунда каза болгон кызматкерлер эскерилди

13-июнь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө маркум милициянын полковниги Адилбек Султановду жана Мады айылдык милиция бөлүмчөсүндө маркум милициянын кенже лейтенанты Уран Шамурзаевди эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Ош ОИИБдин басма сѳз кызматынын маалыматына ылайык, иш-чарага Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, ардагерлер кеңешинин төрагасы жана кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөсү жана жакын туугандары катышышты.
Алгач, айкелдерге гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду.

Башкармалыктын башчысынын орун басары Ашырбек Ахунов: “Урматтуу кесиптештер! Мына жогоруда кесиптештерибиздин өмүр таржымалын баарыбыз уктук. Албетте, биз баарыбыз кесиптештерибиздин кесипкөй, тажрыйбалуу кызматкерлер болгонун баарыбыз билебиз. Бул тирүүлүктө канча жашагандыгың маанилүү эмес, кандай жашаганын маанилүү дегендей, кесиптештерибиздин жогорку адамдык сапаты, мекенчилдиги, тайманбасты жана эр жүрөк кызматкер болгондугу келечек муундарга өрнөк болуп, үлгү катары Кыргыз милициясынын тарыхында жазылып кала бермекчи”,- деди.

Иш чара ѳздүк курамдын салтанаттуу саптык жүрүшү менен аяктады.
Султанов Адилбек Карабаевич жана Уран Шамурзаев 2010-жылдын 13-июнь күнү Ош коогалаңында улуттар аралык кагылышуунун алдын алуу, эки улуттун ынтымагын бекемдѳѳ максатында кызматтык милдетин аткарып жатып курман болушкан.
Адилбек Султановдун ысмы ѳзү тѳрѳлүп ѳскѳн Каратай аылындагы орто мектепке жана ѳмүрүнүн акырына чейин жетектеген Кара-Суу райондук ички иштер бѳлүмүнѳ ыйгарылган.
Ал эми, Улан Шамурзаедин ысмы Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн Мады айылдык милиция бөлүмчөсүнө ыйгарылган.
Мамлекеттик сыйлыктары: 23.10.2010-ж III даражадагы « Манас» ордени менен сыйланышкан (курман болгондон кийин)