Аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында өлкөдө жүрүп жаткан административдик-аймактык реформанын негизинде Сары-Колот жана Отуз-Адыр айыл өкмөттөрү бириктирилип, Отуз-Адыр айыл аймагы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө бул айыл аймактын жаш жана потенциалдуу жетекчиси Эльдияр Эшиев баштаган жамаат ийгиликтүү иш алып барып, кесипкөйлүгүн көрсөтүүдө. Мунун айкын далили – аймакка бир канча ири инвестициялар тартылып, калктын жашоо-шартынын жакшырышына кошкон салымы, жаш жетекчинин чечкиндүүлүгү, эмгекчилдиги айыл аймагында олуттуу жетишкендиктерге жол ачууда.
Жаңы түзүлгөн Отуз-Адыр айыл аймагында жалпы 16 статусу бар айыл, 6 статусу жок калктуу конуш бар. 31732 тургун жашап, 5163 кожолук катталган. Аймакта 14 мектеп, 10 бала бакча бар.
2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджет 70 млн 35 миң сомду түзүп, такталган бюджет 75 млн 13 миң сомго чейин көбөйгөн. Эң маанилүүсү – бул каражат максаттуу өздөштүрүлүп, анын 69 млн 698 миң сому сарпталып, ар бир бөлүнгөн каражат өз багытында пайдаланылды.
Билимдүү муун – сапаттуу келечек
— Өткөн жылы билим берүү тармагында маанилүү өзгөрүүлөр болуп, аймактагы мектептердин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча бир топ иштер аткарылып, заманбап шарттар түзүлдү. Бул багытта эң чоң жетишкендиктерибиздин бири – Кара-Дөбө айылында курулган учурдун талабына жооп берген №9 М.Тешебаев атындагы мектептин ачылышы болду. Сметалык баасы 111 млн сомду түзгөн эки кабаттуу 275 орундуу мектеп 2024-жылдын май айында окуучуларга эшигин ачты. Ошондой эле, башка мектептер да көңүл сыртында калтырылбай, №75 М.Жаманкулов мектебинин терезелери толук жаңыланса, №55 К.Зулпуев мектебинде жылытуу системасы толук алмаштырылды. Ал эми №102 М.Тешебаев мектебинин чатыры жаңыртылды. Шерали айылына республикалык бюджеттин эсебинен 188 млн сомго 225 орундуу мектеп курулуп жатат.
Эл аралык инвестициялар – жергиликтүү өнүгүүнүн локомотиви
— Эл аралык кызматташтык багытында да жетишкендиктерибиз арбын болду. АРИС аркылуу CASA-1000 долбоору менен жалпы суммасы 248,5 миң долларлык 7 долбоор ишке ашырылды. Бул иш-аракет айыл өкмөтүнүн тышкы каржы булактарын тартуудагы активдүүлүгүн көрсөтөт.
Инфратүзүмдү жаңыртуу багытында Тынчтык айылындагы 5 км жол жарыктандырылып, айыл тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт жаралды. Ошондой эле, Присавай айылына жаңы электр линиялары жана трансформатор орнотулду. Андан сырткары, Ак-Колот айылында ФАПтын курулушунун 85% бүткөрүлүп, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.
Аймакта экологиялык абалды жакшыртуу жана калкка ыңгайлуу шарт түзүү багытында да маанилүү кадамдар жасалууда. Бул багытта «Отуз-Адыр Тазалык» муниципалдык ишканасы ишке кирип, ал аймактагы 1358 үй менен келишим түзүп, ай сайын 384 тонна таштанды чыгарылып жатат. Бул иштин алкагында атайын техникалар алынып, кызматкерлер график боюнча иш алып барышууда.
Инфратүзүм жаңыланып, жолдор жаңыртылды
— Жергиликтүү тургундардын күнүмдүк жашоосун жеңилдетип, логистикалык байланыштарды жакшыртуу максатында Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө жол тармагына өзгөчө көңүл бурулууда. 2024-жылдын ичинде айыл ичиндеги бир катар көчөлөрдө асфальттоо жана оңдоо иштери ийгиликтүү аткарылды. Отуз-Адыр айылынын Д.Беделов көчөсүнүн 940 м Кара-Суу райондук өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен асфальтталып, пайдаланууга берилди. Ал эми жалпы сметалык баасы 13,3 млн сом болгон Б.Татенов көчөсүнүн 500 м жергиликтүү бюджеттин каражаты менен асфальтталып, кошумча тротуарлар жана лотоктор курулду.
Курбан-Кара айылындагы 1,5 км ички үч көчө асфальтталып, бул үчүн түрткү берүүчү гранттан 9 млн 71 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 1 млн 541 миң сом бөлүнгөн.
Ал эми Сары-Колот айылынын ички 1 км жолуна республикалык бюджеттен 9,8 млн сом каралып, асфальт төшөө иши ийгиликтүү аяктаган. Беш-Кепе, Фархад, Торойчу, Жаңы-Кызыл-Суу жана Шерали айылдарында жалпы 4,6 км жолго жергиликтүү бюджеттин эсебинен, 1 км жолго эл тарабынан шагыл төшөлүп, айыл өкмөт техникалык жардам көрсөттү.
Андан сырткары, Кара-Дөбө айылынын Сарыбаев көчөсүнүн 250 м кеңейтилип, электр мамылары жылдырылып, ал жолго да шагыл төшөлдү. Бул иштер айыл ичиндеги унаа каттамын жакшыртып гана койбостон, жөө жүргүнчүлөргө да ыңгайлуу шарттарды түзүп, жашоо сапатын жогорулатты.
Инвестиция – аймакты өзгөрткөн күч
— Отуз-Адыр айыл өкмөтүндөгү ачык-айкын саясат, инвесторлорго карата түзүлгөн ыңгайлуу шарттар жана жергиликтүү бийликтин демилгелүү иш-аракеттери бул аймакты экономикалык өнүгүүнүн борборуна айлантууда. Жергиликтүү калктын инвестиция тартуудагы активдүү позициясы ар кандай багыттагы ишканалардын ачылышына себеп болду.
Бул багытта Кызыл-Абад айылынын Ак-Жар участкасында жалпы аянты 2,35 га жерге “Хун-Да-Компани” ЖЧКсы тарабынан 1,5 млн долларлык темир куйуучу арматура заводу ачылып, бул өндүрүштүк сектордогу чоң жылышты көрсөттү.
Курбан-Кара айылында “Би Би Кей” Групп тоок фермасы жеке ишкер жана чет элдик инвесторлор менен биргеликте 400 миң долларга жумуртка өндүрүүчү кошумча ферма ачып, анын ачылышына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Төрөбаев катышты.
Отуз-Адыр айылында жеке ишкер Анарбек Макамбаев тарабынан 1,5 млн сомго кафель чыгаруучу кичи ишкана ачылды.
8 млн сомдук “Айбамол” шоро-максым ишканасы, 2,8 млн сомдук “Ай Жору” кафеси, жана 51,5 млн сомдук “Пирмамат Ата” кафе-рестораны да жергиликтүү ишкерлердин демилгеси менен элге кызмат кыла баштады. Бул ишканаларда жаңы жумуш орундары түзүлүп, айыл тургундары жеринде жумуш менен камсыз болушууда.
Жаш бөбөктөргө камкордук
— Республикалык бюджеттин эсебинен Ош УКС тарабынан курулуп жаткан 120 орундуу заманбап бала бакча жакын арада ишке берилип, жаш балдардын билим алууга болгон мүмкүнчүлүгү кеңеймекчи.
Бүткүл Дүйнөлүк Банктын “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Кызыл-Абад айылынын Живпром участкасында “Зирек” аттуу 100 орундуу бала бакча ачылды. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен анын эмеректери жана сырткы короосу камсыздалды.
Тынчтык айылында “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун негизинде пайдаланылбай турган имарат оңдолуп, 70 орундуу С.Бекмуратов атындагы бала бакча ишке берилди.
Келечекке багытталган кадамдар
— Отуз-Адыр айыл өкмөтү 2025-жылы да ырааттуу өнүгүүнү улантат. Аймактын бюджети 70 млн 890 миң сом деп бекитилип, бул каражаттар максаттуу, эл үчүн маанилүү багыттарга бөлүнөт. Эң негизги басым таза суу, билим берүү, инфратүзүм жана инвестиция тартуу жаатында болот.
2012-2013-жылдары башталып, бирок көп жылдар бою токтоп турган таза суу долбоору 2024-жылы кайра жандандырылып, АРИС аркылуу 541 млн сомдук үч тараптуу келишим түзүлдү. Ушул жылдын башы менен жумуш башталып, суу түтүктөрү тартылып, суу сактагычтар курулууда. Бул долбоор Отуз-Адыр, Кара-Дөбө, Савай-Арык, Фархад, Кыш-Абад, Жаңы-Кызыл-Суу, Кожом-Бак, Казак, Беш-Кепе жана Чоок сыяктуу айыл-кыштактарды таза суу менен камсыз кылмакчы.
Инвестициялык үмүттөр – аймакты өзгөртчү заводдор
— 2025-жылы аймактагы Кызыл-Абад айылы индустриалдык кластерге айланып баратат. Ак-Жар участкасында “Завод Аккумуляторов Лифан” ЖЧКсы тарабынан 5 млн долларга аккумулятор, күн чырак, электро-заряд жана кабель заводдорун ачуу пландалууда.
“Цзю Цзю Си” кыргыз-кытай компаниясы тарабынан 3 млн долларга көмүр брекет заводу курулат. Ошондой эле, Курбан-Кара айылында таштандыны кайра иштетүүчү завод ачуу үчүн 8 га жер трансформацияланып, ишке даярдык жүрүп жатат.
Алдыдагы максаттарыбыз да чоң. Жогоруда аткарылган иштер менен гана чектелбестен, айыл аймагыбызда дагы бир катар жакшы иштерди жүзөгө ашырууну пландап жатабыз. Жергиликтүү жана республикалык бюджеттин колдоосу, ошондой эле дем берүүчү гранттардын негизинде айылдарды көрктөндүрүү, айыл эли үчүн шарттарды жакшыртуу иштери мындан ары да уланмакчы. Жакынкы мезгилде ички арыктар тазаланып, көчөлөргө шагыл төшөлөт, эскилиги жеткен электр мамылары жаңыртылат. Ошондой эле жаңы мектеп, бала бакча жана жолдор курулуп, таза суу жетпеген айылдарга суу тартуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Булардын баары – эл үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана жайлуу шарттарды түзүүгө багытталган аракеттер.
Коопсуздук – күн тартибинде
— Табигый кырсыктардан коргонуу максатында Машрап-Сай сайынын жээгине 100 метрлик дамба, Кара-Дөбө малкана участкасында 150 метрлик габион сеткасы менен дамба курулуп, жергиликтүү элдин жана мал чарбасынын коопсуздугу камсыздалууда.
Кенже Осмоналиева