«Кара-Суу» базарында соодагерлер контролдук-кассалык машиналарга каршы нааразычылык акциясына чыгышты.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Кара-Суу райондук администрациясынын алдына соодагерлер митингге чыгышкан.
Анда милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп жатышат.
Салык кызматынын кызматкерлери жана жегиликтүү бийлик өкүлдөрү чогулгандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.