Ош облусунун Кара-Суу районунун Беш-Булак айылында суюк азот өндүрүүчү заводдун курулушу башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Долбоор 450 миң долларга бааланып, курулуш иштери 2022- жылдын 1-апрелинде аягына чыгарылып, ишке берилет. Маалыматка ылайык, завод Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын фермерлерин жана асыл тукум станцияларын суюк азот менен камсыздоого багытталган. Суюк азот малды жасалма жол менен уруктандырууда колдонулат.
Эске салсак, ушундай эле завод Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйкандары үчүн суюк азотту ийгиликтүү өндүргөн Элита селекциялык станциясынын аймагында жайдын аягында ачылган.