"Эркин-Тоо"

Кара-Сууда 19 жаштагы кызды унаа менен сүзүп, качып кеткен аял киши кармалды

Кечээ, 13-январь күнү Ош шаарынын А. Монуев көчөсүндө Кара-Суу районунун  Фуркат айылынын 19 жаштагы  П.Э. аттуу тургунун  унаа менен сүзүп, айдоочу качып кеткени маалымдалган. Жаракат алган кыз  Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасына кайрылган.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери кароо жүргүзүп, тийиштүү материалдар жыйналган.  Жабырлануучу өз көрсөтмөсүндө Ош шаарынын А. Монуев көчөсүндө жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден түштүктү карай  өтүп бара жатканда, аны унаа сүзгөнүн аткан.
Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында, шектүү катары ак түстөгү «Тойота Приус» унаасынын ээси, Ош шаарынын тургуну Ю.Т. атуу аял киши кармалып, иши Ош ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!