"Эркин-Тоо"

«Каракол» аэропортунун учуу тилкесин кеңейтүү үчүн 38 га жер трансформацияланат

«Каракол» эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин кеңейтүү үчүн 38,3 гектарлык айыл чарба жерлери өнөр жай жана транспорттук аймактар категориясына трансформацияланууда. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Алтын-Арашан айыл аймагынын жер тилкелери трансформацияланууга жатат. Жалпысынан айыл чарба багытындагы тогуз жер тилкеси бар.
«Каракол» эл аралык аэропорту өткөн жылдын декабрь айында реконструкциядан кийин ачылган. Терминалдын өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 250 жүргүнчүнү түзөт. Узундугу 2450 метрге жеткен жаңыртылган учуу тилкесине өзгөчө көңүл бурулду.
Пример HTML-страницы