"Эркин-Тоо"

Каракол — Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды

Каракол — Эңилчек унаа жолу кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-февралга караган түнү Каракол — Эңилчек унаа жолунун 46-километринде кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо максатында унаа жол 18-февралга чейин убактылуу жабылды.

Жеринде жолду тазалоо максатында жол тейлөө кызматынын атайы техникасы тартылды.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!