“Каракол” эл аралык аэропортунун ачылыш аземи эртеңкиге жылдырылды
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мунун себеби аба ырайына байланыштуу. Буга чейин аталган аба майдандын расмий ачылышына президент Садыр Жапаровдун катышары кабарланган.