Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эт комбинаты ишке кирди. Комбинаттын курулуш иштери 2020-жылдын август айында башталган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 500 баш майда жана 100 баш бодо мал союуну түзөт. Ишкананы ишке киргизүүгө жалпысынан 132 миллион сом сарпталып, анын 36 миллион сому “Айыл Банк” ААКсы тарабынан жеңилдетилген ресурс катары бөлүнгөн.
Эт комбинаты малды Ысык-Көл облусунун төрт районунун фермерлеринен түздөн-түз сатып алып турат. Аны менен облустун малчыларынан малдын туруктуу түрдө сатылып алынышы камсыз кылынат. Мындан сырткары, ишкананын өзүнүн лабораториясы бар, ал чыгарылып жаткан продукциянын экологиялык жактан жогорку сапатта экенине кепилдик берет.
Комбинат жүздөн ашуун жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыздай турган болду. Ишканада чийки зат жана үрөн базасы, асыл тукум чарбасы, ошондой эле “фермерлердин мектеби” болгондуктан, эт комбинатынын ишке кириши эт кластеринин толук кызматын камсыздай алат.