Бапаев Чыңгыз Арстанбекович К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин 2012-жылы аяктап, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча технологдук кесибине ээ болот. Урунттуу эмгек баянына токтолсок: 2008-2012-жылдары Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясында жетектөөчү адис болуп иштеп, оозго алынат. Ал эми 2012-жылы КР Өкмөтүнүн алдындагы Каракол, Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондор аралык мамлекеттик экотехинспекциясында инспектор болуп эмгектенет. 2017-жылы Каракол мэриясына караштуу Пристань-Пржевальск аймактык башкармалыгына жетектөөчү адис болуп кирет. Көп өтпөй аталган аймактын жетекчилигине бекийт. 2021-жылы Каракол шаардык муниципалдык мүлк башкармалыгын жетектейт. 2021-жылы шаардык кеңештин депутаттыгына шайланат. Ушул эле жылдын 21-июлунда Каракол шаардык мэриясынын биринчи вице-мэри болуп дайындалат. Жакында мэр болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат боюнча 3-класстагы кеңешчиси.
— Чыңгыз Арстанбекович, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын казанында кайнап, улам жогорулап олтуруу жоопкерчилиги жеңил эмес. Бир тепкичтен бир тепкичке жетпей кетенчиктеп кеткендер да кездешет. Шаар башчылыгынын эки тизгин, бир чылбырын кармадыңыз. Ишенимди актоого кандай аракеттерди жасап жатасыз?
— Каракол шаары Кырыз жеринин бермети ыйык Ысык-Көлдүн борбору болгондуктан суктандырып турууга тийиш. Башка шаарларга салыштырмалуу кадыры бийик! Алыстан көлгө келген туристтер жана эс алуучулар Каракол шаарынын кооздугуна суктанып, тарыхый музейлерине кирип ырахат алып кетсе деген тилек менен иштерди илгерилетип жатабыз. Унутта калган аэропортубуз кайрадан курулуп жатат. Демек, толук кандуу иштей баштаганда жер жүзүнүн туш тарабынан туристтер учуп келишет. Алыстан көлдү эңсеп келгендер шаарыбызга тан берип, суктанып турушса кандай жакшы. Андыктан биринчи кезекте шаарыбыздын жолдорун оңдоого олуттуу көңүл бурбасак болбойт. Учурда 4 көчөнү асфальттап жатабыз.
Республикалык бюджеттин эсебинен быйыл 3 бала бакча, спорттук комплекс салынат.
Билимсиз алыс узай албайбыз. Кийинки 2 жылдан берки кылган аракеттерибиз акыбетин эселеп берди. Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы мыкты деңгээлде экендигибизди көрсөттү. Демек, билим берүүгө мындан ары да айрыкча маани беришибиз зарыл. Шаарыбызда 10 мектеп бар. Мыкты жаш мугалимдерди тартуу, аларга колдоо көрсөтүү бирден-бир парзыбыз.
— Алдыга койгон максаттарыңыздар тууралуу айтып берсеңиз?
— Максаттарыбыздын туу башында шаардын тарыхы турат. Келген туристтерди кызыктырып, жан дүйнөлөрүнө жарык чача турган музейлерибиз болушу керек. Андыктан тарыхы бай имараттарды кайрадан курууга, калыбына келтирүүгө аракеттер жүрүүдө. Биздеги айтарлык жакшы саамалык Түркия мамлекетинин 3 шаары менен достук байланышты баштадык. Тарыхка бай түрк туугандардан үйрөнө турган жагдайлар арбын. Мисалы, түрк туугандар 1 музейибизди капиталдык оңдоодон өткөрүп беришти. Мындан тышкары Араб өлкөлөрү менен кызматташууга кадам жасоодобуз. Алар медициналык борборлорду, ыйык жайларды ачууга кызыкдар. Спорттук жайларды салып бергени жатышат. Эгер жолдорубуз заңгырап, тарыхый жай, музейлерибиз эшиктерин кенен ачып турса албетте, алыстан эңсеп келгендердин жарпы жазылат. ЫсыкКөл облусунун борбору өркүндөп өсөт. Келген туристтердин саны арбып, жылына сагынып, самап келген жайга айланат.
— Айтканыңызда калет жок. Сиздердеги айтарлык чоң жаңылык таштандыларды кайра иштетүүчү ишкананы ачып жатасыздар. Ушул багытта сөздү улантсак.
— Жакында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин демилгеси менен берметибиз көлдү тазалоо иштерин жүргүзүштү. Аттиң, жарыктык көлүбүздүн көркүн кетирип, таштандылар менен булгап жатыппыз. Тонналаган торлор, түрдүү зыяндуу таштандылар, жабыр тарткан балыктар зээнибизди кейитти. Ыйык көлүбүзгө кандай таш боорлук менен мамиле жасасак, жашаган айыл, шаарларыбызга, баскан-турган көчөлөрүбүзгө, айланабызга ошондой ыплас иштерди жасап жатабыз. Табият койнуна баргандар тамак-аш калдыктарын, желим баштыктарын таштап кетишет. Кээ бир адамдарыбыздын тазалык маданиятынын өтө төмөндүгүнөн татынакай табиятыбызды таарынтып, абабызды, айланабызды булгап, экологияга эбегейсиз зыян келтирүүдөбүз. Эсибизди жыйбасак болбойт. Каракол шаарына таштандыларды кайра иштетүүчү ишкананы ачып, караңгылыктан алыстоону максат кылдык. Курулуш республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды өздөштүрүү аркылуу ишке ашырылууда. Долбоордун жалпы суммасы 135,0 млн сом. Учурда жабдуулары орнотулууда. Биринчи кезекте таштандыларды иргөөчү линия ишке кирет. Кубаттуулугуна жараша кайра иштетилген таштандыларды колдонуу менен курулуш материалдары чыгарылат. Ишкана «Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо Каракол комбинаты” муниципалдык ишканасынын балансына берилет. Жаңы 40 жумуш оруну түзүлөт. Курулуш “Сифания Экотехника” белоруссиялык компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары асфальтбетон жана темир бетон чыгаруучу ишканалар курулат. Булар да республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
Айчүрөк МАКЕШОВА
№50 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 23-июну