12-августта Каракол шаарында “Silk Road Mountain Race 2023” эл аралык веложүрүш старт алат. Ага дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн келген 200дөн ашык велосипедчи катышат. Бул тууралуу Туризм департаментинен кабарлашты.
Веложүрүш Кыргызстандын аймагы аркылуу 1 880 чакырым узундуктагы Каракол — Эӊилчек — Саруу – Жукуу ашуусу — Нарын – Кел-Суу — Баетов — Казарман – Соӊ-Көл — Кегети – Чоӊ-Кемин — Көк-Айрык ашуусу менен өтүп, 26-августта Чолпон-Ата шаарында аяктайт.
2018-жылдан бери “Silk Road Mountin Race” Туризм департаментинин, ошондой эле өлкөдөгү туристтик компаниялардын колдоосу менен Кыргызстанда “Silk Road Mountin Race” эл аралык веложүрүшүн уюштуруп келет
Иш-чара Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү жана туристтерди тартуу максатында КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин жана британиялык «SRMR» компаниясынын колдоосу менен уюштурулууда.