"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар Коом Маанилүү

Караколдо окуучулардын сабалышы боюнча билдирүүлөрдөн кийин иш козголду

Ысык-Көл ОИИБи белгиленгендей, 4–14-ноябрь аралыгында ата-энелерден жана мугалимдерден 9-11-класстын окуучулары төмөнкү класстагыларды коркутуп, сабап жүргөнү тууралуу билдирүүлөр түшкөн. Айрым ата-энелер балдары эки жылдан бери басым көрүп келгенин айтышкан.

Баштапкы текшерүүдө бир катар окуучулар жана алардын ата-энелери арыз жазуудан жана экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан. Бирок кийинчерээк дагы эки арыз түшкөн. Натыйжада бардык материалдар бириктирилип, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси боюнча иш козголду.