"Эркин-Тоо"

Караколдо ооруканада өрт чыгып, бейтаптар эвакуацияланды

Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын кардиология бөлүмүндө өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кардиология бөлүмүндө жаткан 60 бейтап жана 4 медицина кызматкерлери эвакуацияланган. Жабыркагандар жок.

Өрт саат 07:40 чамасында толугу менен өчүрүлгөн, өрттөн оорукананын 12 чарчы метр шыбы күйүп кеткен.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!