"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Караколдо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары шектелген жаран кармалды.

Маалыматка ылайык, «Турик» каймана аты менен белгилүү Б.А.Т. аттуу жаран К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары эсептелип, мурда Каракол шаарындагы №23 түзөтүү мекемесинде «смотрящий» болуп жүргөндүгү (2016–2018-жылдары), өзүнүн криминалдык таасирин колдонуу менен акча талап кылууга байланыштуу кылмыштуу иш-аракеттерге баргандыгы аныкталды.

Тагыраагы, Б.А.Т. 2024-жылдын август айынан бери Ж.А.О. аттуу жарандан акча талап кылып, жалпы суммасы 200 миң сомдон ашкан каражатты коркутуу жолу менен алуу аракетин көргөн. Ал акчаны мобилдик банк аркылуу («О! Банк» тиркемеси аркылуу) которууну талап кылган.

2025-жылдын 25-июлунда талап кылынган акчанын бир бөлүгүн (26 миң сомду) алгандан кийин, шектүү атайын операция учурунда кармалып, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.