"Эркин-Тоо"

Караколдогу «Бугу» жана «Макиш» соода базарынын ээси кармалды

Алдамчылык фактысы боюнча «Бугу» жана «Макиш» соода базарынын ээси Р.А.Т. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жаран узак мезгил аралыгында көрсөтүлгөн рыноктордо иш жүргүзгөн ишкерлерден акча каражаттарын чогултуп, ошону менен бирге алынган пайданын жалпы реалдуу жүгүртүлүшүн фискалдык органдардан жашырып келгендиги аныкталган.

Мындан тышкары, соода жайларын бир эле адамдарга бир нече жолу сатуу фактылары башка ишкерлерге өткөрүп берүү коркунучу менен аныкталган.

Чогултулган материалдардын негизинде, кылмыш ишинин алкагында Р.А.Т.га таандык турак-жай жана коммерциялык объектилерди кармоо жана тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

КР УКМК Каракол шаарынын тургундарын жана ишкерлерин кармалган жарандын алдамчылык аракеттеринен жабыркаган болсо КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кайрылуусун өтүнөт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!