"Эркин-Тоо"

Караколдогу мал союучу жайда өлгөн малдын эти союлуп келгени аныкталды

Каракол шаарындагы мал союучу жайда өлгөн малдын эти союлуп келгени аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал жер тиешелүү уруксат документтери жок иштеген.

«Жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде, күтүүсүз текшерүү жүргүзүлүп, мал союучу жай ветеринардык-санитардык талаптарды аткарбай, мыйзамсыз иш жүргүзүп, өлгөн малдын этин союп келгени аныкталды», — деп белгиледи мекеме.

Белгиленгендей, учурда аталган мал союучу жайдын иши токтотулду.

Пример HTML-страницы