"Эркин-Тоо"

“КАРАЛАРДЫН” КАТАРЫН КАНТИП СУЮЛТАБЫЗ?

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу үч топ бар экен. Алардын катарына миңдеген жигиттер кирип, айрым адамдар тарабынан каржыланып да турарын кечээ Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев айтып берди. Министрдин орун басары өткөн аптада Ош шаарында болгон окуядан кийин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү сунушталып жаткандыгын да билдирди. Ал эгер мыйзам катаалдашса “каралардын” катары суюлат деген пикирде.

Бирок “караларды” мыйзам токтото алабы? Кеп ушунда. Аларга буга чейин көрүлгөн катуу чаралар, жазалар деле таасир этпеди го. Ал мындай кара өзгөйлөрдү ким токтото алат деген ой келет.

Биздин кыргыз коомунда негедир уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө билинбеген сый-урмат бардай сезилет. Айрым “акылдуулар”, аткаминерлер аларды жанына алып жүрүп, машинанын жакшысын мингизип, жакшы кийинтип, таасир калтыруу үчүн жанынан чыгарбай, оокат-аш менен камсыздап жүрүп кадырын көтөрүп койгон. Мындай тенденция көп жылдар аралыгында уланып, эч токтобой келет. Анан аларды көргөн жаш балдар криминал болгон жакшы турбайбы деп, бул топко тартылып отуруп каралардын катары калыңдап кетти. Ал тургай спорт тармагында ийгилик күткөн жигиттер да “каралардын” жашоосуна кызыгып, тартылгандарын билебиз. Алардын катарында жүргөн жигиттердин айрымдары эл өкүлү болууга, мамлекеттик кызматтарда иштөөгө жеткен учурлар кездешип келет. Эгер коом уюшкан кылмыштуу топторду жерип, уяткарса алардын катары өзүнөн өзү суюлат беле. Биз эң оболу ушул жолду колдонсок кандай болот?

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА
№3 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 17-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!