Ибараткан КУРБАНОВА:
“БИЗГЕ ИШЕНИП КАРАЖАТ БӨЛГӨН БАНККА ЫРААЗЫБЫЗ”
Кээде капиталдын жетишсиздигинен не бир мыкты ишкер идеялар артка сүрүлүп, аткарылбай кала берет. Чүй облусунун Кемин районунда жаңы ачылган “Ufa” (United Food Alliance) сыр азыктарын чыгаруучу завод дагы “Айыл Банктын” каржылык колдоосу болбосо бүгүнкү күнү ишке кирбей калышы мүмкүн эле. Октябрь айынын башында заводдун ачылыш аземинде аталган ишкананын жетекчиси Ибараткан Курбанова ушул заводду ишке киргизүү идеясы менен көптөгөн фонддорго, банктарга каржылык колдоо сурап кайрылып, эч колдоо таппаганын айтты. Алар идеясы бар, бирок каржысы жетишсиз стартап долбоорду колдоодон баш тартышкан. Ошентип, 2017-жылдан бери долбоордун үстүндө иштеп, бирок капитал жок иш жылган эмес. Акырында “Айыл Банкка” кайрылып, каржылык колдоо таба алды. “Банктын өкүлдөрү өздөрү бизге бир нече ирет келип, долбоор менен жакындан таанышып, жасаган ишибизге, багытыбызга ишенип, ишкананын иш баштоосуна чоң жардам кылышты. Биз Банктын жетекчилигине, кызматкерлерине ыраазыбыз”, — дейт ИбаратканКурбанова. Банк заводго сырдын катуу жана жарым катуу түрлөрүн чыгаруучу Түркия өндүрүшүнөн чыккан жабдууларды лизингге алып келип берген.
Азыркы учурда завод эл аралык таанымал сырларды чыгарып баштады. Гауда, чеддер, пармезан, мацерелло сырлары бардык өлкөлөрдө эң кеңири тараган сүт азыгы болуп саналат. Мындан тышкары завод чыгарган жумшак сырлар да (быштак сырлар) чоң суроо-талапка ээ.
Азыркы учурда заводдо 12 адам иштейт. Завод кадимкидей ишке киргенден кийин суткалык керектөө 10 тоннаны түзүп, кошумча жумушчу орундары түзүлөт.
Албетте, мындай заводдордун ишке кириши жергиликтүү калкка жумуш орундарын түзүп, салыктардын жана башка жыйымдардын эсебинен бюджетке түшкөн кирешелер өсөт. Эң башкысы, атаандаштыкка жөндөмдүү ата мекендик продукция өндүрүү менен өлкөнүн өндүрүш тармагынын өнүгүүсүнө салым болот.
“Айыл Банктын”
Лизинг башкармалыгынын башчысы Урмат АКМАТОВ:
“Ufa” ишканасы биздин банктын лизинг кардары. Бул “Ufa” (United Food Alliance) менен бир жылдан бери биргелешип иштеп келаткан долбоор. Ишкананын бюджети 70 млн сом. 7 жылга жеңилдетилген 6 пайыздык үстөгү менен каржыланды. Бул райондо мындай багыттагы биринчи ишкана ачылууда. Азыркы кезде 7-8 айылдан сүт сатып алып жатат. Буюрса районго көп кирешелерди алып келчү өндүрүш ишканаларынын бири болот деген ойдомун.
ӨРҮКЗАРЛУУ БАТКЕНДИ ГҮЛДӨТӨБҮЗ
Баткен десе жаз келгенде ак бубакка оронуп, жыты аңкыган өрүкзарларды, көз жоосун алып, көп элге таберик айгүл гүлү көз алдыга келет. Ушундай кооз жана касиеттүү жерди жердеген мээнеткеч баткен элибизге мамлекет ар тараптан колдоо көрсөтүп, облусту өнүктүрүү чараларын көрүүдө. “Айыл Банк” ААКсы да Баткен облусунда иш алып барган ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттерди берип жатат. Бул чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштардын өсүп-өнүгүүсүнө жана ишкерчиликти колдоого чоң салым болмокчу.
Кредиттер жеңилдетилген шарттарда 1 миллион сомдон 10 миллион сомго чейин 3 жылдан 5 жылдык мөөнөткө берилет:
- Туризм жана айыл чарбасына: пайыздык чени 0%, мөөнөтү – 3 жыл, өлчөмү 1,0 миллион сомго чейин;
- Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, өнөр жайы, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканалар, соода-логистикалык борборлор жана жашылча сактоочу жайлар, Инновациялык иш (жаңы ишканаларды же иштин жаңы багыттарын түзүү) жана маалыматтык технологиялар тармактарына: биринчи 3 жыл — 0%, андан кийинки 2 жылда — жылдык 3%, мөөнөтү – 5 жылга чейин, кредиттин өлчөмү 10,0 миллион сомго чейин;
- Транспорт жана коргоочу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү тармактарына: пайыздык чени 0%, мөөнөтү – 3 жылга чейин, кредиттин өлчөмү 10,0 миллион сомго чейин;
- Соода жана кызмат көрсөтүүлөр тармактарына: пайыздык чени 0%, мөөнөтү – 3 жылга чейин, кредиттин өлчөмү 5,0 миллион сомго чейин;
- Билим берүү тармагы: пайыздык чени 0%, мөөнөтү – 3 жылга чейин, кредиттин өлчөмү 1,5 миллион сомго чейин.
Кредит алуу үчүн «Айыл Банктын» Баткен облусунда жайгашкан бардык филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө кайрылуу керек.
Кыска маалыматтар
Жакында Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы, Айыл чарба министрлиги жана «Айыл Банк» ААКнын өнөктөштүгү менен «Агро Экспо 2023» Эл аралык көргөзмө-форуму өттү. Ага эл аралык компаниялардын өкүлдөрү жана айыл чарба өндүрүшүнүн жергиликтүү өкүлдөрү катышты. Көргөзмө-форумда «Айыл Банк» ААК лизингдик продукцияларды тартуулады.
****
Быйыл республикабыз боюнча “Айыл Банк” аркылуу фермерлер 1,65 млрд сом өлчөмүндө жеңилдетилген кредиттерди алышты. Анын ичинен 1 млрд 176 миллион сомдон ашыгы мал чарба багытына берилди. Дыйканчылыкка болсо 473 миллион сомдон ашык акча каражаты жумшалды.
****
«Айыл Банк» аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча атайын — «Айым Кредит» кредиттик программасын ишке киргизди. Ишкерчилик кылам деген айымдар эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө пайыздык чени 17% менен 100 миңден 500 миң сомго чейин каржылык колдоону алышса болот. Аталган кредиттик программа киреше алып келүүчү иштин бардык түрүн каржылайт.
КРЕДИТ МЕНЕН ЧАРБАСЫН ИРДЕНТКЕН ИШКЕР
Акыркы жылдарда өкмөт айылдык товар өндүрүүчүлөргө колдоону күчөтүп, жакшы көңүл бөлүүдө. Мындай пикирин Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айылынын тургуну Чыңгыз Ташев билдирди. Ал “Айыл Банктан” жеңилдетилген айыл чарба кредиттерин алуу менен чарбасын ирдентип, жакшы ийгиликтерге жетишкен.
— Чыңгыз мырза, дыйканчылык менен канча убакыттан бери алектенесиз?
— 15 жылдан бери чарбачылык менен иштейм. Азыр баары эле айыл чарбасы же башка кайсы тармак болбосун кредитке каражат алып иштегенге өтүшпөдүбү. Мен да көп убакыттан бери “Айыл Банк” аркылуу кредиттерди алып, чарбамды өнүктүрүп жатам. Мен бул Банктын туруктуу кардарымын. Быйыл да “Айыл чарбасын каржылоо-11” долбооруна кезекке жазылып, 6 пайыз менен жеңилдетилген шартта 300 миң сом насыя алдым.
— Анан алган каражатыңызды эмне ишке пайдаландыңыз?
— Негизи алган акчаңды сарамжалдуу пайдалансаң жыйынтыгы жакшы болот. Мен бир тыйынын да башка нерсеге коротпой үрөн, жер семирткич сатып алдым. Кызылча, жүгөрү айдайм. Акчаны өз убагында алып, айдап-себүү иштерин кечиктирбей жүргүзгөнүбүз үчүн акыркы жылдарда түшүмүбүз да жакшы болду. Азыр Кудайга шүгүр, бутубузга туруп калдык. Алгачкы жылдары жерди ижарага алчубуз, техниканы да кезек күтүп жалдачубуз. “Айыл Банк” менен иштешип, лизингге трактор, комбайн алгам. Өзүбүздүн жерибиз да азыр 40-50 гектарга жетип калды. Кошумча ижарага да жер алып иштетебиз. Быйыл дагы жеңилдетилген шартта 6% үстөгү менен лизингге жаңы трактор алдым.
— Лизингге техника алуу көп убакытты албайбы?
— Жок, көпкө деле күткөн жокмун. Банкка арыз менен кайрылдым. Банк кызматкерлери адаттагыдай эле ыкчам кагаздарын бүтүрүштү. Анан бат эле банктан “кезегиңиз келди, тракторуңузду алып кетиңиз” деп телефон чалышты. Техника өзүңдө болсо жакшы, эгер жок болсо бирөөнүн убактысына карап, күтүшкө туура келет. Айыл чарба тармагы аба ырайына көз каранды. Жер иштеткенде бардыгы өз убагында болсо түшүм да жакшы, дыйкандын эмгеги да кайтарымдуу болот. Ошондуктан, колдон келсе техника менен камсыз болууга не жетсин. “Айыл Банк” техника сатып алууда дыйкандарга жакшы колдоо кылып жатат.
«Айыл Банк» ар дайым байланышта!
Урматтуу кардарлар, Сиздерге "Айыл Банк" адистешкен колл‑борборун сунуштайт. Сиз онлайн форматта өзүңүздү кызыктырган бардык маселелер боюнча кеп-кеңеш алуу мүмкүнчүлүгүңүз бар. 5511 номуруна чалыңыз! Чалуу акысыз.Банк адистери Сизге ыңгайлуу убакта жардам жана кеңеш берүүгө жуманын ар бир күнүндө күнү-түнү жеткиликтүү.