"Эркин-Тоо"

Кардиохирург Шаамырза Закирбаев: “Кыргыз-Түрк достук ооруканасында бардык шарт бар”

Биз Кыргыз-Түрк достук ооруканасындагы жүрөк-кан тамыр хирургиясында эмгектенген, жаш болсо да бир далай жүрөк операциясын ийгиликтүү жасаган жаш хирург, Шаамырза Закирбаевди кепке тарттык.

— Шаамырза, сиз ушул ооруканадагы колу жеңил, мыкты операция жасаган жигит экениңизди уктук. Ар дайым талыкпай элге кызмат кыла бериңиз. Ишиңизге ийгиликтерди каалаганча азыноолак кепке тарталы дедик, эки өлкөнүн ортосунда курулган достук ооруканасы боюнча айта кетсеңиз…

— Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасы Кыргызстан менен Түркия мамлекетинин өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин негизинде Түрк кызматташтык жана координация агенттиги тарабынан курулган. Бейтаптарга заманбап жана сапаттуу кызмат көрсөткөн ооруканада 72 орун бар. Оорукана 2021-жылы ачылып, өз ишин баштады. Түркия жана кыргызстандык медицина кызматкерлери эмгектенүүдө. Ооруканада кардиология, жүрөк кан тамыр жана көкүрөк оорулары бар бейтаптарга жогорку деңгээлдеги ыкмалар, заманбап жабдуулар менен операциялар жасалып, дарылоо жүргүзүлүп жатат. Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасында Кыргызстандын жарандарына, чет өлкөлүк жана жарандыгы жок бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Бизде кардиология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, жалпы хирургия, анестезия, реанимация, терапевт, гастроэнтерология, пульмонология жана тез жардам бөлүмдөрү бар. Ошондой эле заманбап аппараттар менен жабдылган радиология поликлиникасы элге кызмат көрсөтөт. Анда бүт компьютердик, томографиялык анализдер жасалат.

Өзүңүз окууну качан бүттүңүз эле, кайсы жактардан тажрыйба топтодуңуз?

— Өзүм 2005-жылдан 2011-жылга чейин Медакадемияда окудум. 2011-жылдан 2014-жылга чейин Жүрөк кан тамырларын алмаштыруу институтунда ординатураны бүттүм. 2014-жылдан 2018-жылга чейин Түркия мамлекетинин Эрзурум шаарындагы Ата-Түрк атындагы клиникасындагы жүрөк кан тамыр бөлүмүндө тажрыйба топтоп келгем. Учурда Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасында иштеп жатам.

— Жакында сиздердин ооруканада боор алмаштырылганы да чоң жаңылык болду окшойт?

— Ооба, боорду трансплантациялоо Президенттин колдоосу менен ишке ашып жатат. Боор ооруга чалдыккандарга Президенттик фонддон атайын каражат бөлүнүп, Кыргызстандын жана Түркиянын Саламаттык сактоо министрликтери тарабынан ишке ашырылды. Малатияда жайгашкан клиникадагы дарыгерлер менен биздин М.Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык ооруканасынын дарыгерлери биригип, бейтаптардын боорун алмаштырды. Бейтаптар аман-эсен айыгып, учурда үйлөрүнө чыкты.

— Сиз кардиохирург экенсиз, канча жылдан бери жүрөккө операция жасап жатасыздар?

— Оорукана ачылгандан бери биз операция жасап жатабыз. Азыркы күнгө чейин жүрөккө ачык жана жабык, жүрөктү токтотуп коюп жана токтотпой, иштеп жаткан учурдагы операцияларды жасоодобуз. Жүрөктүн кан тамырларына, клапандарына, жүрөктүн эң чоң аорта кан тамырларына, тубаса жүрөк кемтиктерине, бардык жүрөк кан тамырларына жасалат. Белгилей кетерим, биздин клиникада 16 жаштан жогорку пациенттерге гана операция жасайбыз.

— Жүрөктү токтотуп койгондогу учурду айта кетсеңиз, иштебей турабы?

— Ооба, жүрөктү токтотобуз. Жүрөктү токтоткон маалда өпкөнүн иштешин да токтотобуз. Ошол учурда канды жасалма айландыруучу аппарат жардамга келет да, ал өпкө менен жүрөктүн функциясын аткарып, бардык органдарды кан менен камсыздап турат. Жүрөктү атайын кошулмалар менен токтуп алып, кургак жүрөккө операция жасайбыз. Операция бүткөндөн кийин өзүнүн ыкмасына ылайык өпкө менен жүрөктү кайра ишке киргизебиз.

— Жүрөктүн алмашуучу кан тамырларынын бөлөк өлкөлөрдөн сатып алынарын угуп жүрөбүз, же башка да жолдору барбы? Анан жүрөк боюнча бардык татаал операциялар жасалабы? Жасалган операциянын оор жана жеңили барбы?

— Илдеттин жагдайына жараша болот. Эгер ичке кан тамырлар болсо, ал адамдын өзүнөн алынат. Көкүрөгүнөн жана бутунан кан тамырлар алынып, коюлат. Негизинен жүрөк жана жүрөк кан тамырлары боюнча татаал операциянын баары жасалат. Ал эми жүрөктүн бардык эле операциясы оор жана татаал. Бирок, жүрөктөгү эң оор операция аорта кан тамыры күтүүсүз жерден жарылып кеткен учурда болот. Ошондо адам өмүрү өтө опурталдуу чекте болот. Бул татаал операциянын түрүнө кирет.

— Түзүлгөн шарт кандай?

— Бул жактын шарты абдан жакшы. Операцияга чейинки жана кийинки бейтаптардын шарты толук каралган. Операцияга керектелүүчү бардык шаймандар бар. Бул жакта башка органдардын өнөкөт оорулары болуп калса текшерүүдөн өткөрүлөт. Рентгенден баштап УЗИ сыяктуу ички органдарды, ошондой эле кан тамырлардын доплерин жасаган компьютердик томография бар. Ар кандай жагдайлар түзүлүп калганда бейтапты башка жактарга жөнөтпөй, баарын ушул жерде жасап, оорусун аныктап, дарылайбыз.

 

                                                                                                                            Кылычбек Кудайбергенов

Пример HTML-страницы