"Эркин-Тоо"
Пайдалуу кеңеш

Карьера жасайм дегендерге кеңеш

Жумушта ийгилик жаратып, жыл өткөн сайын кадырынын, баркынын жогорулашын кимдер гана каалайбайт. Айрымдар такка жетүү үчүн бардык күчүн жумшаары белгилүү. Бирок, аракет жасап жатып, каталарды кетирип алгандар да жолугарын психологдор белгилеп жүрүшөт. Биз окурмандарга карьера жасай деп аракет кылууда кетирилген каталардын топтомун сунуштайбыз.

Убаданы көп берүү
Бул карьера жасайм деген кызматкердин биринчи катасы. Эртеңки күндүн кандай болуп кетээрин билбей туруп, убадаларды бере бергендик болбойт. Убадаларды өтө көп берген кызматкерлер пландар аткарылбай калса, ийгиликтен кур калышат. Андай ийгиликсиз кызматкерлер эч кимге жакпайт. Убада берүүнү токтотуп, иштин майын чыгарып аткаруу керек.

Өзүнө өтө ишенгендик
Карьеранын душманы өзүнө ишенгендик. Дүйнө бир орунда турбайт. Күн сайын технология өнүгүп, илимде ачылыштар жасалып турат. Бир нерсени билип алып, өзүнө ишенип жүрө берген инсандар жумуштан эч качан оомат күтө алышпайт. Билимди тынымсыз алып, менин билгенден биле элегим көп деп гана жашаш керек.

Өзгөрүүдөн коркуунун кереги жок
Өзгөрүү, башка жумушка которулуу, кызматты алмаштыруудан корккон адам да ийгиликке жете албайт. Сизди жаңы кесиптештер, жумуш орун жаңы нерселерди билүүгө, тажрыйба топтоого гана үйрөтүшөт. Өзгөрү- жашоонун бир бөлүгү деген түшүнүк болушу керек.

Ийгиликке мас болуу
Бир жолу ийгиликке жетишүү жашоонун ийгиликтүү болушуна кепилдик болуп бере албайт. Канчалык ийгиликке мас болсоңуз, ошончолук ката кетирген болсуз. Ийгиликти сиз кадимки жумуштун жыйынтыгы деп гана билишиңиз керек. Ал эми жыйынтык дайыма болуп туруусу зарыл.

Кошоматчылык
Кошоматчылык касиет болсо жетекчиге эч качан жакпайсыз. Өтө кошоматчыларды жетекчилилер жумуштарды аткартып алууда курал катары колдонушат. Ал эми курал кызматкерлер эч качан ийгиликке жетише алышпайт.

Жагымсыз жагдай түзүү
Жумушта ушак таркатуу сыяктуу иштер карьеранын өспөй калышына түздөн-түз таасирин тийгизет. Эч ким ушакчынын жетекчилик кызматка келүүсүнө жол беришпейт. Ал ар дайым кызматкерлер арасында эң аркыркы кызматкер болуп кала берет.