Карганбек Самаков: “ЭКИ МИНИСТР АТАМБАЕВГЕ “КЫТАЙ КИМ ДА, САМАКОВ КИМ? “МАНАСТЫ” КАЙТАРА АЛБАЙТ” ДЕП АЙТЫШЫПТЫР”

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Карганбек Самаков

ЖАЛГЫЗ ЭЛЕ “МАНАС” КЕТКЕН ЭМЕС

— Көч бара-бара түзөлөт эмеспи. Кыргыз эли кылымдарды карыткан улуу эл. Элибизди эзелтен жараткан өзү колдоп келген. Ырас, азыркылар көп нерсени биле бербейт. 2009-жылы ошол кездеги бийликтин, маданиятты жетектеген биздин төбөлдөрдүн саткындыгы менен кыргыздын кылымдарды карытып келе жаткан төрт тарыхый мурасы чет элдиктерге берилип кеткен. Биринчиси “Манас” эпосу, экинчиси кыргыздын “Салбуруну”, үчүнчүсү “Көк бөрүсү”, төртүнчүсү тайганы. Тайганды өзбектерге, Салбурунду Араб эмиратына, Көк бөрүнү казактарга “көкпар” деген ат менен белек кылып берип салышкан. Ал эми “Манас” эпосу Кытайга берилип кеткен.

ТАРАГАН ПАРЛАМЕНТ, БҮДӨМҮК КЕЛЕЧЕК

— Ошол учурда парламентти Бакиевдер таратып жиберди. Мен “Ата Мекен” партиясында орун басар, парламенттин тышкы эл аралык комитетин жетектейт элем. Парламентти таратып жибергенинин да жүйөөлүү себептери бар. Ал жерде канча деген каражат, кыргыздын кен-байлыгы таланып жаткандыгы тууралуу курч маселени көтөрүп чыкканбыз. Ошол үчүн бизди тездик менен таратып жиберди. Дал ошол мезгилде жогоруда мен атап кеткен төрт улуттук дөөлөтүбүз бир мезгилде эле төрт мамлекетке өтүп кеткен. “Манас” эпосу биздин улуттук дөөлөттөрүбүздүн ана башы экендигин кемирчеги ката элек жаш баладан тартып карыяларыбызга чейин эң жакшы билет. “Манас” атабыздын жанында тайган, кумайык жүргөн. “Көк бөрүнү” мен кыргызмын деген ар бир адам ойноп келген. Ал эми араб өлкөлөрүндө эли кумарлана турган, эл аралык мелдештерге чыга турган эки эле оюну бар. Бирөө төө жарыш, экинчиси куш салуу оюну. Демек, биздин улуттук баалуулуктарды, оюндарды эбегейсиз чоң каражатка сатышкандыгы айтпаса да түшүнүктүү. Кыргыздын жаш муунунун келечеги бүдөмүккө, белгисиздикке барып такалган. Аны алар атайын жасашкан.

АРДАНГАН ЭЛ, ТӨҢКӨРҮШ

— Биздин мамлекеттин ЮНЕСКОдо элчилиги болгон эмес. Кыргызстандын Франциядагы элчилиги да болгон эмес. Өзү эки элчилик болот. Парижде бул уюмдун борбордук штаб-квартирасы жайгашкан. Бир сөз менен айтканда ажосу, кожосу баары биригип, башын кумга тыгып олтуруп беришкен да, биздин улуттук дөөлөттөрүбүз башка мамлекеттерге өтүп кеткен. Ошол кезде “Манас” эпосу Кытайга катталып кетиптир деп элдин баары аябай дуулдаган. Арданган эл ар кандай уюмдарды түзгөн. Ошолордун арасында мен дагы бар элем. Ичибиз ачышып, кантип кетип калды деп эле жер сабап кала бердик. Бир нерсе кылалы десек колубуздан эч нерсе келбейт. Анан мен бир ылайыгы келсе “Манас” маселесин көтөрүп чыксам деп ниет кыла баштадым. Анткени, парламенттин эки чакырылышында тең тышкы эл аралык байланыш комитетин жетектеп тургам. Тааныштарым, байланыштарым аркылуу “Манасты” кайра элге кайтарып келейин деп аракет кыла баштадым. Ал ортодо дагы революция болуп, бийлик алмашып кетти. Кудайдын парманы менен кайрадан депутат болуп келдим.

“ЮНЕСКО ДЕГЕН КАНДАЙ ФИРМА?”

— Айта келгенде оңой болгону менен иш жүзүндө бул өтө татаал маселе. Бирөө көрүп сүйлөйт, бирөө көрбөй сүйлөйт дегендей. Бирөө билип сүйлөйт, бирөө билбей сүйлөйт. Ошол кездеги атка минерлердин көбү муну жеткиликтүү түшүнө бербеген. “ ЮНЕСКО деген кандай фирма?” деп сураган бир жетекчини көрүп аябай таң калгам. Бийликтин төрт бутагынын бирөөсүнүн жетекчиси ушинтип айтты. Албетте, биздин кыргыздын атка минерлеринин 99 пайызы көрө албастыктан жаралат экен. Мен муну өз башымдан өткөргөн киши катары айтып жатам. Кайсы гана атка минерге өз сырыңызды айтсаңыз, эртең эле ошол сөздү сизге каршы аргумент катары колдонуп чыгат. Бир жакшы ишиңизди айтсаңыз, сөзсүз экинчи кишиге “а бул акмак” деп айтат. Ушунчалык көрө албас, ич күйдү, ыплас болот экен.

АЛА-ТООДОН АЛТОО

— Ошол учурда 157 мамлекет менен түзмө-түз сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Алардын бир тобуна чапкылап мен өзүм барып келдим. ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-квартирасына барып сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Мунун баары оңой-олтоң болгон жок. Ошол үч жылда мен үй бетин көрбөй самолётто ары-берип учуп жүрдүм. “Ала-Тоодон алтоо” дегендей болгону алты эле адамбыз. Эң олуттуу кызмат кылган күчтүү эксперттер Динара Чочунбаева, Гүлнара Айтбаева. Кыргызча, орусча, англисче түш жоруган кыйын эксперттер. Сабира Солтонгелдиева, ал эми Назгүл Мекешова ошол кезде Маданият министрлигинде иштейт эле. Жалгыз ушул кыз бардык ишке чуркады. Илимдер академиясынан дагы эки кыз бар эле. Биз казактардын, же башка мамлекеттердин элчилигиндей болуп, 30-40 адамы бир самолёт менен учуп жүргөндөй жүрө алган жокпуз. Парламенттин сунушу менен Маданият министрлиги атайын чечим чыгарды. Министрликтин алдында эксперттик комиссия түзүлдү. Ал комиссиянын төрагалыгына эмнегедир мени шайлашты. Мен аны түшүнүп турдум. Анткени, ал иштерге эбегейсиз каражат анан эл аралык байланыштарды мыкты билген адам керек эле. Мен ал ишти бир чети оор жүк катары, бир чети сыймык катары кабыл алдым. Башка мамлекеттерди айтпаганда да Париждин өзүнө эле 30- 40 жолу барып келдим. Японияга канча бардым. ЮНЕСКОго кирген 198 мамлекеттин бир далайында болдум. Африка, Европа өлкөлөрүнө бардык. Маданият министрлигинин жетекчилеринин бирөөсү да бир дагы жолу ЮНЕСКОго барган жок.

МАДАНИЯТТА “МАДАНИЯТТУУ” КЫМЫРЫЛГАН АКЧАЛАР

— Маданият салаасындагы айрым адамдардын мага каршы пикирде жүрүп калгандарынын да өз себеби бар. Биринчиси, баягы эле ич күйдүлүк. Экинчиси, биз эгемендүү мамлекет болгондон бери ЮНЕСКОдон алган каражаттын баарын бөлүп жеп кетишкен. Он беш манасчыга үй сатып бергиле деген акчаны да жеп алышкан. Чүй боорундагы үч шаарды Караханиддердин доорундагы шаарга киргизбедикпи. Аларга бөлүнгөн 750 миң доллар акчаны да жеп алышкан. Мен анын баарын архивдерден таап, көтөрүп чыктым. Ошондон кийин мага өчөшүп, жамандай башташты. Ал каражаттардын баары биздин кыргыз маданиятын көтөрүүгө, анын ичинде улуттук дөөлөттөрүбүздү дүйнөлүк мураска киргизип, даңазалоого даярдоо үчүн берилген акчалар болчу. Мен атайын алар жасаган ишти барып көрдүм. 750 миң доллар эмес, 750 тыйын да жумшалган эмес. Кийин ЮНЕСКОнун ошол акчаларынын баарын мен өз эсебимден төлөдүм. Анын дүмүрчөктөрү, документтери сакталуу бойдон турат.

ЮНЕСКОнун КАРЫЗЫН ТӨЛӨГӨНДӨ

— Мен депутат кезимде Эсептөө палатасынан бир аудитор келиптир. “Сиз ЮНЕСКОго каражат берген экенсиз “дейт. “Ооба, анын эмнесин текшерип жатасыңар?” десем, “биздин жылдык отчетубузга керек болуп жатат, ошону киргизип коёлу, сиздей болуп биздин чиновниктер да бир намысына келип эл үчүн иш жасаса жакшы болмок эле” дейт. Бериңизчи деп карасам 660 миң доллар деп турат. Бул бир эле документтеги каражат. Андан тышкары Кыргызстан 2006-жылы ЮНЕСКОго мүчө болуп кирген. Бирок, мүчөлүк акысын бир да жолу төлөбөптүр. Карызы 800 миң доллар болуп кетиптир. Биз ЮНЕСКОнун добушун алыш үчүн ошол карыздарыбызды төлөшүбүз керек болчу. Ал карыздын да бир далайын өзүм төлөдүм. Мен муну ар бир кишиге документтер менен далилдеп бере алам. Парижге бир эле жолу барып, бир-эки күн жашап келиш үчүн эле оңбогондой каражат талап кылынат. Баары кымбат. Бир элчини ээрчитип барып чай алып берсеңиз миң доллардан көп акча кетет. Жүздөгөн элчини чайга чакырып, жолугушууларды өткөрүү керек болду. Балким, бир миллион, балким 2 миллион долларым кеткендир. Мага ошол кезде акча эмес, “Манасыбызды” элге кайтарып келүү биринчи орунда турду.

ДИПЛОМАТИЯЛЫК ЖҮРҮШТҮН ЖЕҢИШИ

— Биздин бир мамлекеттен бир мамлекетке учуп барып жүргөн жол киребиз, жашаган жерибиз, белек-бечкектер, тамак-ашыбыз үчүн мамлекет сокур тыйын да берген жок. Муну мен дипломатиялык жүрүш, жеңиш деп айтаар элем. Маселен, Кыргызстандын тарыхында Борбордук Азия боюнча эң биринчи жолу материалдык эмес мурастар уюмунун мүчөлүгүн жеңип алдык. Анын вицепрезиденттигин да жеңип алдык. Аны Монголия, Казакстан менен катуу талаштык. Алар өнүгүп калган өлкөлөр. Кандай гана ресурсун жумшаган жок. Биз болсо жөнөкөй гана дипломатиялык жүрүш менен эки мамлекетти тең жеңип алдык. Ошол үчүн кыска убакыттын ичинде көптөгөн улуттук мурастарыбызды ЮНЕСКОго каттатып алдык. Ошону менен “Манас” эпосун элибизге кайтарып дүйнөлүк мурастар тобуна киргиздик. Ал ортодо кыргыздын ала кийизин, айтыш өнөрүн, Чүй боорундагы эски шаарлар Невакет, Баласагын, Ак-Бешим шаарларын, көк бөрүнү киргиздик. Ошону менен ЮНЕСКОго чоң арыкты чаап бердик. Көчмөндөр оюнунун да башында туруп, мыйзамдаштырып кол коюп берген мен болчумун.

«АЛА-ТОО» АЯНТЫНДАГЫ МАНАСТЫН ДУШМАНДАРЫ

— Калайык калк жакшы билет, 2009-жылы «Ала-Тоо» аянтына Манастын душмандары Шыпшайдар, Алооке, Нескаранын эстелигин тургузушкан. Бул деген биздин чиновниктердин “Манасты” алып кете бер, биз башыбызды кумга тыгып макул болуп беребиз” деп, башка өлкөлөргө берген отчету болгон. Биздин башка өлкөдө жашаган азганакай кыргыздардын атынан өткөрүлүп жатыптыр деген шылтоо менен ошол өлкөгө берилип кеткен. Муну ошол кездеги атка минерлер, элчиликтер билген эмес дейсизби? Эң сонун билген, көргөн. Баары жең ичинен, ич ара макулдашып алышкан. Албетте, анын баары бекер берилген эмес. Бул жерде эми канча каражат, грант алганын билбейм. Ал оңбогондой чоң каражатка сатылган. Анан ошол иштерди тымызын жасагандардын баары кийин мага душман болуп чыгышты. Кыргызстан кол койгон конвенцияга ылайык номинация эки жыл мурда берилет. Демек, бул иштер 2007-жылдары болгон.

КЫТАЙ КИМ ДА, САМАКОВ КИМ?

— Кыргызстандагы манасчыларды, төкмө акындарды, журналисттерди алып Бакуга бардык. Бул 2013-жылдын декабрь айы эле. Беш жылдыздуу мейманканын бир кабатын бүт бойдон алдык. Шырдактарды жайып, манасчыларды олтургузуп, көргөзмө уюштурдук. Ошол жерге келген элчилердин баары өз көздөрү менен көрүп чыгышты. Мен ушул иштердин автору президент болсун деген ойго келдим. Ошол оюмду Атамбаевге айтайын деп кабыл алуусуна жазылсам, үч күн бою кабыл албай койду. Анан атайын сюжет даярдадык. Сюжеттин мааниси боюнча Президент аэропортко кишилерди чогултуп, өзү спорттук кийимин кийип алып, эл көзүнө шырдактарды кошо жүктөшүп “Карганбек, мен сага ушул иштерди тапшырдым. Сен барып туу сайып кел” деп айтмак. Кийин келгенибизде тосуп алмак. Бирок, кире албай койдум, же кудайдын буйругу ошондой болгонбу, Бакуга кете бердик. Мен кийин уккан кеп боюнча, чынбы, жалганбы билбейм, Атамбаев Маданият министри менен Тышкы иштер министрин чакырып “Самаков Азербайжанга барып “Манас” эпосун кайрадан кыргыздарга каттатып келем деп жатат” деп айтат. Тиги эки министр “Кытай ким да Самаков ким, колунан келбейт, сиз бекер уят болуп каласыз” деген имиш. Мунун канчалык чындыгы бар экенин ким билсин.

КӨТӨРҮЛГӨН КАН БАСЫМ ЖАНА ЖЕҢИШ

— ЮНЕСКОнун Бакудагы жыйынында биздин “Манас” эпосубуздун маселеси каралганга чейин 37 сунушту катарынан өткөрбөй коюшту. Менин кан басымым көтөрүлүп, кыпкызыл болуп чыктым. Жыйын саат алтыда бүтөт. Алтыга он эле мүнөт калды. Жыйынга төрагалык кылган Азербайжандын маданият министри сөз сүйлөп, “Манас” эпосу кыргыз элинин мурасы катары катталат” деп жыгач барсканды үстөлгө тарс эттирип урганда төбөм көккө жете сүйүндүм. Ошентип, 2013-жылдын 4-декабрында Баку шаарында өткөн ЮНЕСКОнун VIII сессиясында «Манас» эпосу аталган уюмдун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине расмий катталды. Бул эми эстен чыкпай турган элдин жеңиши, “Манастын кайрадан туулушу эле.

№106 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 2-декабры
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ

Пример HTML-страницы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

error: Content is protected !!