"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

Карганбек Самаков: “ШАЙЛОО КУРЧ МҮНӨЗДӨГҮ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН КҮРӨШҮНӨ АЙЛАНАТ”

Парламенттин бир канча чакырылышына депутат болгон айтылуу Карганбек Садыкович менен алдыдагы парламенттик шайлоонун оош-кыйыш жагдайларын кеп кылдык. Мыйзам чыгаруу, эл өкүлдүк вазыйпаны аркалоо жагынан опол тоодой тажрыйба күткөн маектешим шайлоонун күңгөй-тескейин кызык маанайда ажыратып, талдады.

— Карганбек мырза, парламенттин тарашын айрым саясат талдоочулар ар кандай өңүттө, айрыкча, бийлик институттарынын тазаланышы катары сыпаттап жатышат. Сиз мындай пикирлер менен макулсузбу?

— Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусу жана парламенттин регламенти жөнүндө мыйзамына ылайык, депутаттардын өзүлөрүнүн кабыл алган чечимине ылайык, эл өкүлдөрү өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алгандыгына байланыштуу атайылап токтом токуп, таркап кетишти. Мен ойлойм, биз парламенттин мындай чечимин туура кабылдашыбыз керек. Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин мөөнөтүнөн мурда тарап кетишин жакында берген маегинде жеткиликтүү кылып чечмелеп берди. Ал эми айрым саясат талдоочулар сиз айткандай бийлик институттарынын тазаланышы деп жатпайбы. Мен мындай кадамды шайлоо жана референдум жөнүндөгү конституциялык мыйзамдардын өзгөрүлүп, жаңы форматта кабыл алынышына жараша бийлик структураларынын жаңыланышы деп сыпаттайт элем.

— Алдыдагы шайлоо бүйүр кызыткан маанайда, курч мүнөздө өтөөрү болжолдонууда. Сиз күтүлүп жаткан аламан жарыш кандай нукта өтөт деп ойлойсуз? Бу саам өңчөй капчыктуу талапкерлердин кагылышы болуп кетпейби?..

— Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында мейли парламенттик, мейли президенттик шайлоо болсун такай эле курч мүнөздө өтүп келе жатпайбы. Бул шайлоо деле курч мүнөздөгү талапкерлердин күрөшү болот. Элибиз талапкерлердин баскан изин, баш терисин, программасын карап, табитине жараша татыктуу талапкерлерди тандап алышат деп ойлойм.

—  Дегеле алдыдагы парламенттик жарыш эгемендүүлүктүн 35 жылдыгындагы шайлоолордон эмнеси менен айырмаланат деп ойлойсуз?

— Албетте, бул жолку күтүлүп жаткан шайлоонун айырмачылыктары бар. Маселен, мурунку 45,75 сандуу шайлоо округдарынан алдыдагы шайлоо кыйла башка болуп бекитилди. Тагыраагы, жалпы Кыргызстан боюнча 30 шайлоо округу болуп, биринчи жолу парламентке сөзсүз түрдө 30 округдан 30 айым депутат болуп келмей болду. Шайлоо күрөөсүнүн кепилдиги кайтарымсыз түрдөгү 300 миң сом болгондугу, ар бир талапкерге мыйзамдуу 1000 үгүтчүнүн бекилиши сыяктуу бир катар айырмалары болду.

— Шайлоочуларыбыз бул сапар акчага, тааныш-билиш, өң-тааныштыкка алдырбай, айрым таасирдүү саясий күчтөр сүрөөнгө алган талапкерлерге ооп кетишпей, татыктууларды тандап алышат деп ишенесизби? Же элибиздин аң-сезими андайга жете элекпи?

— Кыргызда “күлүктөн күлүк чыкса, төрт аягы тыбырайт” деген кеп бар. Талапкерлер бул жарышта маңдайына жазылганын көрүшөт. Мандат бактысы да буюрганга буйруйт. Эл өзү татыктууларын тандап алышат деп ойлойм. Ал эми келе турган шайлоодо бардык талапкерлерге ийгилик каалаймын.

Калыгул Бейшекеев