"Эркин-Тоо"

Кариб деңизинде калган өмүр

Акыркы мезгилде айрым кыргыз жарандары Америкага Мексика аркылуу өтүү тобокелдигин тандап алышууда.  Алардын чек арадан кантип өткөнү,  жолдо көргөн азап-тозоктору тууралуу өзүнчө эле роман жазса болот. Ал турсун кээ бирөөлөрү алты айлап, бир жылдап абакта кармалып, андан кийин гана Америкага өтүшөт. Эми алар Мексика турсун, бүтүндөй Латын Америкасындагы өлкөлөрдү аралап өтүүдө. Өз өмүрлөрүнө коркунуч жараткан ар кандай жагдайларга туш болсо да баарына кайыл болуп, жанын оозуна тиштеп, каракчылар байырлаган чытырман токойлордон, деңиздерден өтүүгө бел байлашууда. Жакында казак жараны Жанат Шамиганов Кариб деңизинен түнү өтүп бара жаткан кезде кыргызстандык адам үй-бүлөсү менен деңизде калып кеткенин айтып чыкты. Анын өз сөзүнө кулак төшөйлү: “Биз түнү жалдап алган кайыктар менен Кариб деңизинен өтүп бара жатканбыз. Күндүзү чыксак кароолчулар көрүп калат. Ошол үчүн түнү чыктык. Бир убакта биз менен чогуу бараткан кыргызстандык келиндин баласы колунан сууга түшүп кетти. Баласын сактап калам деп аял сууга бой таштады. Аялынын артынан күйөөсү секирди. Биз кайыкты айдап бараткан кишиге окуя тууралуу айттык. Бирок, ал бул жер коркунучтуу жер экенин, кайра артына кайта албасын айтып, токтобой кете берди” дейт.

Мен  бул маалыматты казак сайттарынан окуган элем. Жаман кабар жерге жатпас, бат эле Кыргызстанга жетип келди. Бул каргашалуу окуя боюнча Тышкы иштер министрлиги: “Казак жараны Латын Америкасынын жети өлкөсүн аралап, 7 миң чакырым аралыкты басып өтүп, Америкага барганын айткан. Анда ал Кариб деңизинен өтүп бара жаткан кезде кыргызстандык бир жаран үй-бүлөсү менен кайыктан түшүп кетип сууда калганын билдирген. Кыргызстандын Америкадагы элчилиги  Кариб бассейниндеги органдар менен бул маалыматты тактоо жана иликтөө  иштерин жүргүзө баштады. Жаңы кат-кабар болуп калса кошумча билдиребиз” деген маалымат таратты.

Кыргыздар өзү кызык калк. Алыскы чет өлкөгө коңшу айылга бараткандай эле кете берет. Көбүнесе ошол өлкөгө башта барып калган тааныштары, тайкелери, классташтары, айылдаштары чакырат. Чакырбаса деле өз бет алдынча жөнөшөт. Акыркы кезде эч кандай билими, кесиби, барганда иш тапканга чейин жашай турган акчасы  жок жарандар көп кете баштады. Ал өлкө тууралуу эч бир кабары жок, тилин, мыйзамын, салт-санаасын билбей туруп,  “жөн эле” кете берет.

Эмгек, социалык камсызоо жана миграция министрлигинин башкы адиси Элиза ТУРГУНАЛЕВА:

— Миграция деген дайрадай эле агып турган нерсе. Биз аны токтото албайбыз. Биздин көптөгөн жарандарыбыз жакшы жумуш, жашоо издеп чет өлкөлөргө чыгып кетип жатышат. Биз башка өлкөлөр менен келишимдерди түзүп, мыйзамдуу түрдө барып иштеп келгенге шарт түзүп беребиз. Анын атайын кепилдиктери да болот. Жумушчу менен  жумуш берип жаткан адамдын, же компаниянын ортосунда мыйзамдуу келишим түзүлөт. Акыркы убакта биздин жарандар Англияга, Кореяга барып иштей башташты. Алардын баары биздин министрлик аркылуу келишимдин негизинде кетишти. Алардын айлык маянасы, пенсияга бөлүнө турган акчалары, медициналык жардам алуусу  да каралган. Анын баары келишимде так, даана жазылат. Бирок, биздин  өз бет алдынча эле чет өлкөгө жөнөгөн жарандарыбыз  көп. Алар адатта унаа, темир жол  менен, же болбосо учак менен сапар алышат. Ал өлкөгө эмне максат менен баратканын, барса жумуш таба алабы, жокпу ошол өлкөнүн тилин, мыйзамын да билбейт. Жөн эле тобокел деп кете берет. Алар өз өмүрүн эле тобокелдикке салбастан, үй-бүлөсүнүн өмүрүн да кооптуу абалга туш кылат. Буга мисал катары  жакында эле сайттар аркылуу маалым болгон Кариб деңизиндеги кыргыз жарандары кабылган кырсыкты айтсак болот. Алар да Америкадан жакшы жашоону издеп, өз бет алдынча жолго чыгышкан. Жарандарыбыз сыртка чыгарда бизге келип кеңеш сурап же жакын туугандарына  айтып кетиш керек. Кээ бирөөлөр эч кимге айтпастан кетип калат. Анан бир кырсык болсо аларды издөөдө да кыйынчылык жаралат. Учурда алардын кимдигин тактоо иштери уланууда. Америкада азыр 50-60 миңдей жарандарыбыз жашап, эмгектенип жүрөт. Бирок, алардын басымдуу бөлүгү мыйзамсыз жолдор менен барып, “качкын” макамын алып жашап жүрүшөт. Айрымдары чек арада кармалып айлап, жылдап абакка жатып калат. Анан “качкын” макамын алып иштеп калышат. Грин-кард алып баргандар, мыйзамдуу түрдө иштеп жүргөндөр да бар.

Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ

№67 Эркин-Тоо гезити

2023-жылдын 22-августу

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!