Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов 18 жылга кесилди. Муну менен чектелбеген Астананын соту мамлекеттин пайдасына 10 миллиарддан ашык теңге жана 24 миллион доллардан ашык каражатты төлөө чечимин чыгарды. Бул жалпысынан 46 миллион долларга чамалап барды. Иш “өзгөчө жашыруун” белгиси менен каралган. Карим Масимовго карата тергөө “мамлекетке чыккынчылык кылуу”, “бийликти күч менен басып алуу” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча күнөө таккан. Соттун чечими менен Масимовдун бүтүндөй мүлкү конфискацияланып, өмүрүнүн аягына чейин мамлекеттик кызматта иштөө укугунан, буга удаа генерал-лейтенант аскердик наамынан ажыратылды.

