"Эркин-Тоо"

Картошканын кымбатташынын себеби…

Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги социалдык мааниге ээ азык-түлүктөргө болгон баанын жогорулашын алдын алуу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында картошканы экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Эске салсак, Кыргызстанда картошка кескин кымбаттап, базардагы баасы 60-70 сомго чейин чыкты. Адистер буга негизги эки себеп — түшүмдүн жылдагыдан азыраак жыйналышы жана коңшу өлкөлөргө экспорт эки эсе көбөйүшү түрткү болгонун белгилеп жатышат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан 2024-жылы картошканы Өзбекстан менен Казакстанга жылдагыдан эки эсе көп экспорттогон. Өзбекстанга 57,8 миң тонна, Казакстанга 9,4 миң тонна картошка сатылган.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!