"Эркин-Тоо"

Картошканын түшүмдүүлүгү мол болду

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдө 310 миң тонна картошка казылганын билдирди. Бул жылда картошканын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 170 центнерди түзүп, былтыркыга караганда ар бир гектардан 4,2 центнерге көп болду. Картошка өзгөчө Ысык-Көл, Чүй облустарында жакшы түшүм берген, мындагы дыйкандар гектарынан 184 центнерден түшүм алышкан.
«Мөмө-жемиш, жашылчаларды жыйноо да кызуу жүрүп жатат. Ушул тапта өлкөдө 538,5 миң тонна жашылча жана 221,2 миң тонна мөмө-жемиш жыйналган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,8 миң тоннага көп. Кылкандуу дан эгиндери, буудай, арпа 398,8 миң гектардан жыйналды же жалпы аянттын 81,2 пайызындагы түшүм жыйналып бүттү», — деп айтылат маалыматта.
Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!