"Эркин-Тоо"
Пайдалуу кеңеш

Карылыкты жайлатуунун жети жеңил ыкмасы

Британиялык биолог Эндрю Стил карылык процессин жайлатуунун ыкмалары тууралуу Express басылмасына айтып берди.
Адистин айтымында, адам жеңил-желпи көнүгүүлөрдү күн сайын жасоо, 7-8 саат уктоо, тамак-аш кошулмаларынан баш тартуу жана жашылчалардын үлүшүн көбөйтүү сыяктуу пайдалуу адаттарга ээ болсо, ден соолук чыңдалып, өмүр узарат. Мындан тышкары, кан басымды жана кагышты кылдаттык менен көзөмөлдөп, тиштердин ден соолугун сактап, заманбап диеталардан баш тартуу керек.
Ошол эле учурда, ал ашыкча машыгуудан алыс болууну айтты.