"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

КАРЫЗДЫ ТӨЛӨӨДӨ КОРКУНУЧ ЖОК

2020-жылдагы октябрь окуяларына быйыл 5 жыл толду. Баарыбыз билгендей, ал күнү үчүнчү элдик толкун болуп, Сооронбай Жээнбеков бийликтен шыпырылган. Түп көтөрүлө чыккан калайыктын назары Садыр Жапаровго бурулуп, жапатырмак колдогонуна күбө болгон элек. Бул маанилүү окуяны утурлай Өлкө башчысы маек куруп, өзүнүн ою менен бөлүштү.

Биздин билгенибиз, 6-октябрда “Достук” мейманканасында депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министр кылып шайлашкан. Бирок, топторго жиктелген саясий күчтөр аны моюндабай, ар кимиси өз көмөчүнө күл тартып, өлкөдөгү башаламандык күчөтүүгө аракеттенишкен. Мамлекет башчысы “Кабар” агенттигине берген маегинде тарыхта калган окуялар боюнча мемуар жазып, “Саясаттагы 10 жыл” аттуу китебинин уландысын чыгара турганын билдирди. Анда түрмөдөгү үч жарым жылдык жашоосу камтылган “Бестселлер” болорун да кошумчалады. Өз сөзүндө камактан чыккандагы учурларды, талап-тоноолорду кантип токтоткону, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү, өз командасын топтогону, стабилдүүлүктү калыбына келтирип, экономиканы жолго койгону, экс-президенттер менен болгон жолугушуу ж.б. тууралуу учкай кеп кылды. Эң кызыгы, 2010-жылдан кийинки башаламан башкарууда мамлекеттик кызматтар соодага айланганын белгилеп, карыздарды айтып, 2035-жылга чейин мурдагы кредиттерди толук төлөп бүтүрө турганыбызды билдирген.

“2007-жылдан берки парламенттик башкаруу деген системасы мамлекетти чачыратып, жок кылайын деп калды эле. Бийлик бутактары мурда эле коррупцияга батып калган. 2010-жылы парламенттик башкаруу деген немеси парламентти да баш-оту менен коррупцияга тыкты. Ошону менен бүткүл өлкө коррупцияга батып, “ботко” болуп эле жатып калдык. Ал мезгилди өз көзүм менен көрүп, өзүм аралашып жүрдүм. “Ата журт” партиясы менен парламентке келгенбиз. Ар бир мамлекеттик кызматты базарда соодалашкандай эле сатып калганбыз да. Себеби, башкаруу системасы ошондой болуп калган. Ошол система 2020-жылга чейин уланды. Эгер 2020-жылы бийлик алмашпаганда бүгүн, Кыргызстан өз алдынча мамлекет катары бар болот беле же жок болот беле – бир Кудай өзү билет. Бюджеттин дефицити 30 миллиарддан ашык, пандемия убагында алынган 350 млн доллар карыз менен дефициттин жарымын жапса, жарымын социалдык төлөмдөргө жумшап салышкан.

Кредит алып эмгек акы, пенсия-пособия тараткан мамлекет – бул чачырап бара жаткан мамлекет деп айтсак болот.

Үчүнчү кадам экономиканы көтөрүш керек эле. Мына бүгүн, Кудайга шүгүр, экономикабыз өсүү темпи менен бара жатат. Мурда кайыр сурап, грант сурап эле жүргөн мамлекет болсок, эми эч кимден грант сурабайбыз. Акыркы 5 жылда эч бир өлкөдөн грант сураган жокпуз. Албетте, алынып жаткан кредиттер бар. Бирок ар бир кредит коммерциялык долбоорлорго даректүү жумшалып жатат. Келечекте ар бир долбоор өзүн-өзү актайт, бюджетке эч кандай оорчулук келтирбейт. Мурдагы кередиттер кумга сиңген суудай эле болуп кетиптир. Мына азыр, аларды төлөчү мезгил келди. Төлөп жатабыз. 2035-жылга чейин мурдагы кредиттерди толук төлөп бүтөбүз. Азыркы алынып жаткан кредиттерди же тышкы карыздарды дейбизби, кийин убактысы келгенде, ар бир долбоор өзү жабат. Бюджеттен төлөнбөйт. Ошондуктан, тышкы карызыбыз баланча болуп кетти деп элдин башын айлантып жаткандарга кошулбагыла” деди Президент.

Карыз демекчи, айрым учурда жалган маалыматтар менен элдин нааразычылыгын жаратууга, пикирин терс мүнөзгө бурууга аракет кылгандар чыга калууда. Жакында эле сыртта качып жүргөн жазмакерлер Кыргызстандын тышкы карызы боюнча кезектеги чалмакейди чалып, баланча миллиардга чыгып кетти деген азан чакырышты. Экономикалык маалыматы аз адамдар аларды угуп отуруп, чын эле карызга батып калган турбайбызбы деп ойлоп калышы мүмкүн. Анткени, сырттагы өлкөлөрдөн таратылган маалыматтарда мамлекеттин тышкы карызы ар бир президенттин тушунда канча өскөнү салыштырылган. Ошол эле маалда ал кездеги бюджеттин көлөмүн жарыялаган эмес.

Мисалы, 2011–2017-жылдары мамлекеттин тышкы карызы 4,5 млрд, 2017–2020-жылдары 4,92 млрд доллар деп көрсөткөн. Бирок, ал кезде мамлекеттин бюджети болгону 248 млрд сом болчу. Ал жылдары тышкы карыз ички дүң продукциянын 59-68%ын түзгөн. Эске түйүп коёлук, тышкы карыз өлкөнүн бюджети жана ички дүң продукциясы менен салыштырылат. Азыр мамлекетибиздин консолидацияланган бюджети 1 триллиондон ашты. Ички дүң продукция да тез өсүүдө. 2020-жылы 601 миллиард сом болсо, 2025-жылы 1 триллион 780 миллиард сомго жетет. Мурда өсүш 3-4% болсо, акыркы жылдары 9-11%га чыкты. Демек, карыздын көлөмү чоң көрүнгөнү менен, азыркы экономикалык мүмкүнчүлүк үчүн ал коркунучтуу эмес. Мамлекеттик карыз ИДПга карата 2005-жылы 84 пайыз, 2020-жылы 68 пайыз болсо, 2025-жылы 41 пайыз. Бул карызды башкарууда коркунуч жок экенин билдирет. Эң башкысы – мурда алынган карыздар айлык, пенсияга кетсе, азыр инвестициялык киреше алып келчү долбоорлорго жумшалып жатат. Алар мамлекетке пайда алып келип, экономикага түздөн-түз салым кошууда. Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүүдө, бюджет жана ИДП бир нече эсеге көбөйдү. Кыскасы, мамлекеттик карыз азыркы шартта коркунуч жаратпайт.

Баарыбыз күбө болгондой Кыргызстан эгемендик алгандан бери алынган карыздардын эң көп бөлүгүн эми төлөп жатат. Элди, жерди, мекенди ойлобогон жетекчилер өзүнүн тегерегиндеги жемкорлор менен биригип алып, 30 жылдык тарыхта мамлекетти олчойгон карызга батырып кетишкен. Мойнубузга илинген карызды төлөө үчүн бүгүнкү күндө миллиарддаган каражаттар сыртка карай агууда. Мындайча айтканда, мурдагы президенттер алган карызды азыркы президент төлөп жатат. Маселен, 2022-жылы 33,6 млрд сом, 2023-жылы 48,6 млрд сом, 2024-жылы 64,7 млрд сом төлөгөнбүз. Быйыл 75,1 млрд сом төлөйбүз. Бул оңбогондой чоң каражаттар.

Мамлекеттик карыздын азыркы шартта коркунуч жаратпагандыгынын дагы фактору алтын запасында. Бүгүн Улуттук банкта 60 тоннага жакын алтын запасыбыз топтолду. Бул көрсөткүч 2020-жылы 16 тонна болчу. “Кумтөрдөн” казылган алтын жана андан түшкөн киреше дагы өстү.

Мисалы, Аскар Акаевдин (1997–2005) маалында 157,7 тонна алтын казылып, 1 млрд 620 млн доллар киреше тапкан. Анын баары чет элдик компанияга кеткен. Биздин өлкөгө 1 тыйын да калган эмес. Курманбек Бакиевдин (2005–2010) маалында 68 тонна алтын казылып, 1 млрд 416 млн доллар киреше тапкан. Биздин өлкөгө 1 тыйын да калган эмес. Роза Отунбаеванын (2010–2011) мезгилинде 17,7 тонна алтын казылып, 703 млн 752 миң доллар киреше тапкан. Көбү чет элдик компанияга кетип, биздин өлкөгө болгону 34,4 млн доллар калган. Алмазбек Атамбаевдин (2011–2017) тушунда 97,6 тонна алтын казылып, 5 млрд 195 млн доллар киреше тапкан. Негизги бөлүгү чет элдик компанияга кетип, Кыргызстанга болгону 43,5 млн доллар берилген. Сооронбай Жээнбековдун (2017–2020) маалында 70,4 тонна алтын казылып, жалпы кирешеси 3 млрд 141 млн доллар болгон. Анын көбү чет элдик компанияга кетип, бизге болгону 23,7 млн берилген.

Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин, төрт жылдын аралыгында (2021–2025) 57,9 тонна алтын казылып, Кыргызстанга жалпы 3 млрд 445 млн доллар киреше кирген. 441 млн доллар дивиденд үчүн берилген. Кыскача айтканда, казылган алтындын толук кирешеси биздин өлкөдө калды.

Көзүбүзгө тартылып тургандай, “Кумтөр” кенинен казылган алтындар, түшкөн кирешелер мурдагы жетекчилердин тушунда бүт бойдон чет элдик компанияга кетип турган. Алар өлкөнүн кызыкчылыгына каршы иштеп, элдин байлыгын көз көрүнөө чет өлкөлүк шылуундарга тонотушкан. Башкасын мындай коюп, экс-президенттерди так ушул чыккынчылыгы үчүн эле өмүр бою соттоп, жазага тартса аздык кылат.

Кылычбек Кудайбергенов