"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Карызы бар абоненттерге газ берүү токтотулат

«Газпром Кыргызстан» компаниясы 19-июндан 20-июнга караган түнү дебитордук карызы көп болгон абоненттерге жаратылыш газын берүү токтотуларын эскертти. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, газ кызматтары жарандардан карыздарды мүмкүн болушунча тез арада төлөп берүүнү өтүнөт. Жаратылыш газга болгон карыздын суммасын төмөнкү булактар аркылуу билсе болот:

  • эсеп-дүмүрчөктөр;

  • «Газпром Кыргызстан» мобилдик тиркемеси;

  • gazprom.kg сайтындагы жеке кабинет;

  • 4444 сурап-билүү кызматы (чалуу акысыз).

Карызды төмөнкү даректердеги компаниянын филиалдарында жана банк-терминалдар аркылуу төлөөгө мүмкүн:

  • «Бишкекгаз» (Горький көч., 22) – «Бакай Банк», «МБанк», «Оной»;

  • «Жалалабатгаз» (Байзаков пр., 2) – «МБанк», «Оной»;