Каржы пирамидасын уюштургандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат

27-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 22

Бул тууралуу Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын төрагасынын орун басары Мыктыбек Абиров ММКлардын бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында 90-жылдардан кийин азайып калган каржылык пирамидалар азыр кайрадан көбөйдү. «Каржылык пирамидалар соңку учурда күч алууда. Мыйзамдын 214-беренесине ылайык, аны уюштургандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Адатта каржылык пирамида уюштургандар лицензия албай, тийиштүү документтери жок болот же жасап алышы дагы мүмкүн. Ошондуктан жарандарга кайсы бир долбоорго акча салуу кажет болуп калса, тийиштүү мамлекеттик органдардан тактап алуусун сунуштайм», — деген Абиров маек учурунда. Ошондой эле ал каржылык пирамида менен тармактык маркетингдин чегин аныктоо дагы татаал экенин айткан.

27-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 22
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X