"Эркин-Тоо"

КАРЖЫ ПИРАМИДАСЫНА КАТААЛ ЧАРА

Каржы пирамидасына алданып, үй-жайынан, мал-мүлкүнөн ажырап сыздап жүргөндөр канча экени белгисиз. Өткөн жылы каржы пирамида фактысы боюнча 882 кылмыш иши козголуп, 1 052 адам зыян тартып, алар жалпы жонунан 273 миллион сом жана 1 миллион 597 миң долларга алданыптыр.

Президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, кимдир бирөө финансы пирамидасын массалык маалымат каражаттарын жана интернет-ресурстарын колдонуу менен жарнамалагандан кийин андан ири өлчөмдө зыян тарткан учурлар катталса, ага 150-200 миң сом айып салынат. Ошондой эле жарнама кылган белгилүү адамдардын жоопкерчилигин күчөтүү жана жарандардын укугун коргоо каралганы белгиленди.

Негизи каржы пирамидасын түзгөн шылуунду эле эмес, анын ишин жарнамалаган адамдарды дагы жоопко тартуу зарылчылыгы азыр өтө актуалдуу.

№39 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 16-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!