"Эркин-Тоо"

Кашка-Терек – Катранкы унаа жолунда жер көчтү

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кашка-Терек – Катранкы (17+500-чакырымы) унаа жолунда жер көчтү.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, бүгүн болжол менен саат 6лар чамасында жер көчүп, унаа жолдун бир бөлүгүн жаап калган.  Жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 150 миң куб метрди түзөт.

“Учурда Транспорт министрлигинин № 52 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жолду тазалоо иштери жүрүүдө. Жолдун аталган бөлүгүндө унаалардын топтолушу байкалган жок”, — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы