Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 22-августта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда Кыргызстандагы позитивдүү өзгөрүүлөрдү жогору баалап, өлкөнүн жетишкендиктерине кубанычын билдирди.
«Сиз элдин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган маанилүү демилгелерди ишке ашырып жатасыз. Жыл башынан бери өлкөнүн экономикасынын 11,7 пайызга өсүшү буга ачык далил болуп саналат», – деди Токаев.
Казакстандын лидери ошондой эле Кыргызстанга расмий сапар менен чакыргандыгы үчүн Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Казактар менен кыргыздар боордош элдер. Биздин жалпы тарыхыбыз, окшош салттарыбыз жана дүйнө таанымыбыз бар. Эзелтеден бери эки эл Ала-Тоонун этегинде тынчтыкта жана ынтымакта жашап келишет. Бүгүнкү күндө биздин өз ара аракеттенүүбүз стратегиялык өнөктөштүк рухунда динамикалуу өнүгүп жатат», – деп кошумчалады Токаев.
Белгилей кетсек, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ, 21-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттери тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бир катар документтерге кол коюшту.

