"Эркин-Тоо"

Касым-Жомарт Токаев Түркияга чукул жардам үчүн бир миллион доллар бөлдү

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев катуу жер титирөөдөн жапа чеккен Түркияга чукул жардам көрсөтүү үчүн өкмөткө 1 миллион доллар бөлүүнү тапшырды. Бул тууралуу «Казинформ» Казакстандын президентинин басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.

Ошондой эле Казакстандын ыйгарым укуктуу органдары түрк тарап менен биргеликте табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга кошумча жардам көрсөтүү маселесин иликтеп жатышат.

Белгилей кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Жер титирөөнүн очогу Кахраманмараш провинциясынын Пазарджик аймагында болгон жер титирөөнүн очогу 7 километр тереңдикте болгон.

Кырсыктын кесепетинен каза болгондордун саны 7 миңден ашканы кабарланды.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!