"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Касымалиев: «2026-жылы Бишкекке 20 жаңы мектеп курулат»

2026-жылга белгиленген Президенттин тапшырмасына ылайык, келе жаткан жылы Бишкекке жаңы 20 мектеп салынат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Ошондой эле Ошко 10 мектеп, Манас шаарына 6 мектеп салынат.

«Авариялык мектептерди толук ремонттон өткөрүп, жаңылайбыз», — деп белгиледи Адылбек Касымалиев өз сөзүндө.