2026-жылга белгиленген Президенттин тапшырмасына ылайык, келе жаткан жылы Бишкекке жаңы 20 мектеп салынат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Ошондой эле Ошко 10 мектеп, Манас шаарына 6 мектеп салынат.
«Авариялык мектептерди толук ремонттон өткөрүп, жаңылайбыз», — деп белгиледи Адылбек Касымалиев өз сөзүндө.

